Ростовдо абакты басып алгандардын бири тирүү калганы белгилүү болду

Жекшембиде Ростов-на-Донудагы СИЗОдо адамдарды барымтага алган террорчулардын бири атайын операция учурунда тирүү калган. Бул тууралуу Baza телеграм каналы өздүк булактарына таянуу менен билдирди.

Кылмышкер башынан жарадар болуп, азыр Ростов ооруканасынын нейрохирургиялык реанимация бөлүмүндө оор абалда жатат. Кийинчерээк атайын операцияда аман калган Дмитрий Камнеев аттуу 1996-жылы туулган жаран экени белгилүү болду. Ал ислам динин кабыл алган.

Кылмышкер "Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн" беренеси боюнча соттолуп, абакта отурган. Кол салуудан кийин СИЗОго "Тез жардам" кызматы келгенде жалгыз Камнеев гана дем алып жаткан. Калган беш шериги ошол жерде өлтүрүлгөн. Учурда Камнеев өтө оор абалда ооруканада жатат.

Буга чейин Федералдык Жаза аткаруу кызматы СИЗОнун кызматкерлерин барымтага алган алты террорчунун баары чабуул учурунда атайын күчтөр тарабынан жок кылынганын билдирген.

Тирүү калган террорчу тууралуу азырынча расмий маалымат жок.

16-июнда таңга жуук Ростовдогу абакта туткундар кызматкерлерди барымтага алып алышкан. Алар андан кийин курал-жарак жана абактан чет мамлекетке чыгып кетүү үчүн унаа талап кылып, ультиматум коюшкан. Аларга алгач имам сүйлөшүүгө киргизилген. Кылмышкерлер аны дагы укпай койгондуктан атайын операция башталып, алар жок кылынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан