Владимир Путин Түндүк Кореяга барды. Аны кандай тосуп алышты?  (сүрөт) 

Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапары менен Түндүк Кореяга барды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Мамлекеттик иш сапар Корея Элдик Демократиялык Республикасынын мамлекеттик иштер боюнча төрагасы Ким Чен Ындын чакыруусу менен өтүп жатат.

Ал эми Владимир Путинди Пхеньян аэропортунан Ким Чен Ын тосуп алды.

Мамлекеттик сапардын негизги иш-чаралары бүгүн, 19-июнда болот. Анда тар жана кеңейтилген форматтагы расмий жолугушуу аземи жана сүйлөшүүлөр болорун президенттин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында документтерге кол коюлуп, эки өлкөнүн лидерлери маалымат каражаттарына билдирүү жасашат.

Белгилей кетсек, бул Путиндин акыркы 24 жылда Пхеньянга жасаган биринчи мамлекеттик сапары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан