"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК башкармалыгынын төрагасы болуп Балтабаев Темиркул Абдывахапович дайындалды. Бул тууралуу аталган компаниядан билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим 18-июндагы директорлор кеңешинин жыйынында кабыл алынган.
Балтабаев буга чейин “Кыргызкурулушсервис” мамлекеттик ишканасын жетектеп келген. Ал президенттин жардамчысы болуп дайындалган Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна келди.