Бүгүн, 19-июнда Казан шаарында өтүп жаткан Эл аралык БРИКС спорттук оюндарынын алкагында ат оюндары боюнча мелдештер башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, оюнга Түркия, Монголия, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Кувейт, Беларусь, Таиланддан келген 60 спортчу катышат.
Кыргызстандын атынан Нурайым Максатова жигит өнөрү жана тентпеггинг боюнча катышат.
Белгилей кетсек, мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.