Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын делегациялардын курамындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул тууралуу орус басылмалары жазууда.
Маалыматка караганда, алгач Орусия президентинин расмий сапары Корея лидери менен жолугушуудан башталып, андан соң эки тарап Кымсусан резиденциясында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө өтүшкөн.
Сүйлөшүүгө катышып жаткан делегациянын курамында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, биринчи вице-премьер-министр Денис Мантуров, вице-премьер-министр Александр Новак, президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, президенттин эл аралык иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков бар.
Путин мамлекеттик сапары менен Түндүк Кореяга 18-июнь күнү кечинде барган. Анда аны Пхеньян аэропортунан Ким Чен Ын өзү тосуп алган.