Жыпариса Рысбекова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Рысбекова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.