Жыпариса Рысбекова жаңы кызматка дайындалды

Жыпариса Рысбекова президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын жетекчисинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Рысбекова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан