Депутат ӨКМдин министри Чүй дарыясынын үстүнөн вертолёт менен учса дейт

Бүгүн, 19-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Казакстан менен Кыргызстандын чек арасын бөлүп турган Чүй дарыясынын үстүнөн самолёт менен учканын айтты.

"Ар дайым эле айтып келе жатабыз, "Казакстан менен чек араны бөлүп турган Чүй дарыясы Кыргызстандын жерин жеп жатат" деп. Мен жакында үстүнөн самолёт менен өттүм. Казакстан жагында бак-дарак калың эгилген. Биз жакта эч нерсе жок. Албетте, анан суу жейт да. Министриңизге айтып коюңузчу, сиздерде жаңы вертолёт бар. Дарыянын үстүнөн учсаңыздар Казакстан жагы кандай, биз жагы кандай экенин көрөсүздөр", - деди ал.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов Чүй дарыясынын боюнда 94төн ашык кооптуу жерлер бар экенин белгилеп, алдын алуу иштери жүрүп жатканын айтты.

"Бүгүнкү күндө кооптуу участкаларды алдын алуу иштери жүрүп жатат. Ал эми жашылдандыруу боюнча бак-дарактарды отургузуп жатабыз. Бирок мал-жандык жайылгандыктан бак-дарактардын көпчүлүгү өспөй калып жатат", - деди Мамбетов.

Эл өкүлү жер маанилүү экендигин, андыктан дарыянын агымын жөнгө салуу керектигин баса белгиледи.

Жогорку Кеңеш 19.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан