Беларусь Кыргызстандан эт жана жашылча-жемиштерди импорттоого кызыкдар

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев менен Беларустун Керектөөчүлөр коомчулугунун республикалык союзунун башкармалыгынын төрайымы Инесса Короткевич жолугушту. Бул тууралуу кечээ, 18-июнда Элчиликтен билдиришти.

Анда эки өлкө рынокторуна кыргыз-беларусь өнүмдөрүн өз ара жеткирүү боюнча эки тараптуу кызматташуу багыттары кеңири талкууланды.

"Беларусь тарап Кыргызстандан Белкоопсоюздун соода түйүндөрүнө эт жана жашылча-жемиштерди ташууга кызыкдар экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жеңил өнөр жай тармагында, анын ичинде аң терисинен жасалган буюмдарын тигүү жана сатуу боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Маалымат үчүн: Белкоопсоюз – социалдык багыттагы көп тармактуу коммерциялык түзүм. Белкоопсоюздун курамына соода жана коомдук тамактануу ишканалары, даярдоо тармагы, тери-жүн чарбалары, өнөр жай, транспорт жана курулуш уюмдары, тармактык окуу жайлар кирет. Белкоопсоюздун курамында 5 миңден ашык соода объектилери бар. Мындан тышкары республика боюнча 5 миңден ашык адамды иш менен камсыздаган, 3 миңге жакын продукциянын түрүн чыгарган 300 өндүрүш объектиси иш алпарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан