"Сыйыңарга муктаж эмесмин". Депутат Алиев төрага Шакиевге нааразы болду

Бүгүн, 19-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев сөз сүйлөө кезеги жылып кеткенине нааразычылыгын билдирди.

Жыйында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу үч өлкөнүн өкмөттөрү кол койгон макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан. Анда парламент төрагасы Нурланбек Шакиев сөздү кезеги келген Медер Алиевден мурун эл өкүлдөрү Надира Нарматова менен Чыңгыз Айдарбековго берген.

Буга нааразы болгон Алиев парламентте бардыгы бирдей экенин айтты.

"Кыргыздын нарк-насилине жараша улууларды сыйлайбыз. Бирок бул жер парламент. Бул жерде бардыгы тең, бардыгы бирдей шайланып келген, бардыгы тең укуктуу. Мындай нерсе болбошу керек... Урматтуу кесиптештер, мени сыйлабай эле койгула. Мен силердин сыйыңарга муктаж эмесмин", - деди ал.

Жогорку Кеңеш 19.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан