Бонн шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын чет өлкөдөгү мектептик билим берүү боюнча борбордук кеңсесинин жетекчиси Хайке Толедо менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда Кыргызстан менен Германиянын билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.
Ал эми Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда немис тилин үйрөнүүгө колдоо көрсөтүү, ошондой эле эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланышты чыңдоо жана алдыңкы педагогикалык ыкмаларды, технологияларды алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде Хайке Толедо ведомствонун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, немис тарап дагы Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Маалымат үчүн: Германиянын чет өлкөлөрдөгү мектептерде билим берүү боюнча борбордук ведомствосу 1993-жылдан бери Кыргызстандагы мектептерде немис тилин окутууга колдоо көрсөтүп келет. Учурда Кыргызстанда “Келечектин өнөктөш мектептери” демилгесинин алкагында 6 мектепти окуу материалдары менен жабдуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана немис мугалимдерин Кыргызстандагы өнөктөш мектептерге жөнөтүү аркылуу колдоо көрсөтүлүүдө.