2011-жылы Бишкек шаарындагы маданият мекемелерин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 60,3 миллион сомдон ашуун каражат каралган

Бүгүн, 24-декабрда Мамлекеттик тарых музейинде ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтүүдө. КРнын маданият министри Султан Раев борбордогу мекемелердин ишмердүүлүгү тууралуу айтты. 
Бишкек шаарындагы маданият тармагында 6 театр, 1 филармония, 1 цирк, 3 музей, 2 китепкана, 2 жогорку жана атайын орто окуу жайлары, 2 бала бакча, Т.Океев атындагы "Кыргызфильмофонд" Улуттук киностудиясы, республикалык мамлекеттик "Кыргызфильмофонд", Ч.Айтматов атындагы Кино үйү, Мамлекеттик китеп палатасы, Улуттук маданият борбору, Достук үйү, Эстеликтерди коргоону эсепке алуу боюнча республикалык инспекция иш алып барат. 
Республикалык деңгээлдеги маданият мекемелери  КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аркылуу каржыланат. 2010-жылы маданият мекемелерин капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн 34,9 миллион сом жана 2011-жылы 60,3 миллион сом бөлүнгөн. 
Бул тууралуу Бишкек шаарына караштуу маданият мекемелеринин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматта көрсөтүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан