Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Польшанын Варшава шаарында өтүп жаткан “Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open” аттуу рейтингдик мелдештин финалына чыкты.
Махмудов алгачкы жүрүшүндө украиналык Виктор Политаевди 12:2 эсебинде артта калтырды. Экинчи раундда Африка чөлкөмүнүн үч жолку чемпиону, алжирлик Абделкерим Уакали аттуу балбанды 9:1 эсебинде жеңди. Үчүнчү раундду колумбиялык Алексис Куэро менен өткөрүп, аны 12:1 эсебинде жеңип финалга чыкты.
Ал эми чечүүчү алтын үчүн беттеште польшалык Патрик Беднарц менен күрөшөт.
Эске салсак, Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Польшада өтүп жаткан рейтингдик турнирге катышып жатат. 19-июнь күнү башталган мелдеш 24-июнда жыйынтыкталат.
Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.