Кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков Польшада өтүп жаткан рейтингдик турнирде алгачкы беттешинде жеңилип, эми коло медаль үчүн күрөшөт.
Ал 97 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде катышып, биринчи бөлүктө украиналык Владлен Козлюкка 1:5 эсебинде жеңилип калды. Экинчи бөлүктө алжирлик Фади Руаба аттуу балбанды 6:1 эсебинде жеңди. Ал эми 3-орун үчүн беттешин польшалык Якуб Антожевски аттуу балбан менен өткөрөт.
Эске салсак, Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Польшадагы рейтингдик турнирге катышып жатат. 19-июнь күнү башталган мелдештер 24-июнда жыйынтыкталат.
Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.