"Евро-2024" турниринде укмуштуудай кырдаал түзүлдү

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1-турдук оюндары аяктап, анын алкагында турнирде укмуштуудай кырдаал түзүлдү.

Тагыраагы, турнирдин биринчи айлампасы аяктаганына карабай бир дагы футболчу 2 гол киргизе алган жок. Биринчи турдук оюндарда жалпы 34 футболчу гол киргизди. Кызыгы, алардын үчөө өз дарбазасына.

Биринчи турдук оюнда эң ийгиликтүү команда Германия болду, немистер алгачкы беттеште шотландиялыктарды 5:1 эсебинде талкалады. Бул беттеш эң көп гол жаралган беттеш болду.

Түрктөр, румындар, швейцариялыктар жана испандар үчтөн гол киргизишти. Австрия, Украина, Хорватия, Бельгия жана Сербия гол киргизе алган жок.

Биринчи турдук оюндарда көрүүчүлөр эң көп голду биринчи таймдын 15-30-мүнөтүнө чейин көрүштү.

Бир гол пенальтиден киргизилсе (Германия Шотландияга), дагы бир пенальтини Хорватия курама командасы голго айланта алган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан