Футбол боюнча Германия улуттук курама командасы мөөнөтүнөн мурда Европа чемпиондугунун плей-офф баскычына чыкты.
Германия тайпалык баскычтын 2-турдук оюнунда Венгрияны 2:0 эсебинде утуп, тайпада алты упай алып, плей-оффко жолдомо алды. Муну менен Германия Европа чемпиондугунда плей-оффко чыккан алгачкы команда болду.
Германия буга чейин 1-турдук оюнда Шотландияны 5:1 эсебинде утуп алган.