Өзбекстандын Сырдарыя облусунда унаа каналга кулап, 4 адам каза болду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазууда.
Маалыматтарга караганда, кырсык 17-июнда болгон. Анда Nexia-2 үлгүсүндөгү унаа Түштүк Мирзачул каналындагы көпүрөдөн сууга кулаган.
"Суучулдар каналдан айдоочунун жана 3 жүргүнчүнүн жансыз денелерин алып чыгышты. Дагы бир жүргүнчүнү издөө иштери уланууда", - деп билдирген Сырдарыя облустук милициясы.
Социалдык тармактарга тараган видеодо көпүрөдөн өтүп бара жаткан унаа сол капталындагы тосмону бузуп өтүп, сууга түшүп кеткенин көрүүгө болот.