ММА мушкери Жефф Монсон ислам динин кабыл алды (видео)

Аралаш мушташ боюнча (ММА) белгилүү мушкер Жефф Монсон Курман айт майрамына карата Москвадагы салтанаттуу кечеде ислам динин кабыл алды. Бул туурасында орус басылмалары жазды.

Маалымдалгандай, ислам динин кабыл алууда ал көп ойлонуп, чечим кабыл алган.

“Мен мусулман динин өз каалоом менен кабыл алдым. Бул кадамга көпкө чейин ойлонуп, таразалап көрүп анан бардым. Бирок бул менин чечкиндүү кадамым болду. Мен мусулман агаларым менен ийиндеш болгум келет”, - деп билдирген өз сөзүндө.

Айта кетсек, 2013-жылы Монсон Орусияга көчүп келип, 2018-жылы өлкө жарандыгын алган. Мушкер американын паспортунан баш тарткан. Учурда Уфада жашайт.

ММА мушкери Жефф Монсон ислам динин кабыл алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан