Кадырбеков кумар оюндары ойнотулган жайларды жаап, ээлерин коомчулукка жарыялоону талап кылды

Бүгүн, 18-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков кумар оюндары ойнотулган жайларды жаап, ээлерин коомчулукка жарыялоону талап кылды.

Эл өкүлү уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, коррупционерлер, бекинип алып вебкам уюштургандар, мамлекеттик төңкөрүш кылам дегендер кармалып жатканын, алардын аты-жөнү, сүрөтү коомчулукка жарыяланып жатканын белгилеп, ошол эле учурда башка ат жамынып алып, электрондук казино уюштургандар аныкталбай жатканына нааразы болду.

"ИИМ былтыр ошондой жайлардан 44тү жаптык деп кат жибериптир, чынбы-жалганбы, билбейм. Бирок алар жабылды деген менен ким уюштурду, мен аттарын уга элекмин, өңдөрүн көрө элекмин? Мурда алардын аркасында УКТ турат деп ойлочумун, азыр УКТ жок.

Булар жолдун четинде ачыктан-ачык иштеп жатпайбы, эгер "Ринго трейд" деген атын билип алсак, "Кофе и точка" деп атын өзгөртүп алат экен. Мындан улам көз көрүнө иштеп жатса дагы эмне үчүн алардын аттары чыкпайт деген суроо пайда болот экен. Элде "алардын аркасында таасирдүү адамдар турат го" деген ой пайда болуп, өзүбүздү-өзүбүз жаманатты кылып жатабыз. Дагы канча адамдын тагдыры талкаланат? Аларды көзөмөлгө алып, аттарын, жүздөрүн көрсөтүңүздөрчү", - деди Кадырбеков.

Эске салсак, 18-апрелдеги парламент жыйынында депутат Тазабек Икрамов Бишкекте “Кофе и точка” деген аталыштагы казино иштеп жатканын айтып чыккан. Ал мыйзамсыз иштеп жаткан казинолорду тез аранын ичинде жабыш керектигин айткан.

Жогорку Кеңеш 20.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан