Кыргыз Эл артисти, актёр Чоро Думанаев бүгүн, 20-июнда 72 жашка толду. Ал “Ак илбирстин тукуму”, “Ак кеме”, “Каныбек”, “Отко таазим”, “Кызыл алма”, “Көчө”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Чиркин өмүр”, “Президент жана бомж” жана башка тасмаларда роль жаратып, кыргыз кино тарыхына чоң олжо калтырып келе жаткан инсан.
Чоро Думанаев 1952-жылы Нарын облусунун Миң-Булак айылында туулган. Орто мектепти Фрунзе шаарынан бүтүргөн. Думанаев бала кезинен эле киного аралашып, алгач "Космонавттар көчөсү" деген фильмге тартылган.
"10 жашымда “Космонавттар көчөсү” деген тасмага тартылдым. Жалаң залкарлардын арасында чоңойдум. Агам Кыргыз Республикасынын Эл артисти Асанкул Осмонов мени “шаарда окусун” деп алып келип алган. Мен Думанаев Чоро Осмонович болсом, ал жөн эле Осмонов.
Короодон Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов сыяктуу залкар инсандарды көрүп, алардын көз алдында чоңойдум. “Байкең чыгармачылыкта, сен эми башка кесипти танда” деп үйдөгүлөр болбой коюшкан. Курулуш техникумуна тапшырып өтүп, 1-курста окуп жүргөн кезим эле. Бир күнү эле тартуучу топтогулар мени көрүп калып, көчөдөн эле фотопроба жасап киного чакырышты. Болот Шамшиевдин “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасына чакырылдым. Киного болгон кумарымды эптеп басып жүргөн окшойм, окууну таштап кетип калдым", - деген Думанаев маектеринин биринде.
1974-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы студияны жана 1994-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүткөн. Ал эми 1975-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштей баштаган.
Чейрек кылымга чукул өмүрүн театрга арнаган Думанаев белгилүү "Көчө" тасмасында Аваздын ролун 20 жашында аткарган.
Актёрдун бул тасма тартылган соң "жылдызым жанып кетти" деп айтканы бар. "Тасманы телевизордон көрүп жашып кеттим. Муратбек Рыскулов баш болгон жалаң мыктылар ойношкон, азыр бири да калбаптыр. Мен анда 20 жашта элем, театрдын короосунда чоңойдум, "өзүбүздүн бала" деп өзгөчө мамиле жасашчу. Балким, ошол үчүн ролду жакшы чыгарып берсем керек", - деген.
Ошондой эле бүткүл союздук фестивалдарда Сүймөнкул Чокморовдон кийин эле эң көп сыйлык алгандыгын кошумчалаган. "Мен көп тасмада чоң роль жараттым. Бүткүл союздук фестивалдарда Сүймөнкул Чокморовдон кийин эле мен көп сыйлык алдым. Аябай эле роль күттүм деп айта албайм" деген.
Актёр "Супер-Инфо" гезитине берген маектеринин биринде акыркы кезде “Жалбыз” сериалына тартылганын, андан кийин “Кошуналар” деген тасмада аксакалдын ролун аткарганын айткан.
Өмүрүнүн көп бөлүгүн киного арнаган Думанаев тагдырына ыраазы экенин мынтип айтат: "Элдин сыйлоосу, сүйүүсү чоң нерсе да. Наамдарды алдым, көчөдөн баары сыйлап өтүшөт, өкүнүч жок".