"Моюнга алыңыздар". Депутат Лейлектеги ААР мыйзамсыз болгонун айтты

Бүгүн, 20-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева Лейлек районунда жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформа мыйзамсыз болгонун айтып, кыскартылып кеткен кызматкерлерди ордуна алып келүүнү талап кылды.

Буга чейин депутат айым 13-июндагы парламенттин жыйынында бул боюнча маселе көтөрүп, район аймагында жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа канчалык мыйзамдуу деген суроо койгон. Анда эл өкүлү Баткенде чек ара маселелери чечилгиче ААР жүргүзүлбөсүн деген президенттин жарлыгы бар экенин, бирок өкмөттүн №52 токтомунун негизинде реформа жүргүзүлүп калганын айткан болчу. Буга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев президенттин жарлыгы штаттык бирдик түзүмүндөгү реформага бөгөт койбостугун айтып жооп беришкен.

Бүгүнкү жыйында Темирбева өкмөттүн токтому президенттин жарлыгынын негизинде чыкканын белгилеп, өкмөттү катасын моюнга алууга чакырды.

"Мүмкүн, сиздер тараптан ката кетти, же жергиликтүү аким, облус тарабынан ката кетирди. Эгерде каталар кеткен болсо жоопкерчиликтер жүктөлсүн. Ошол эле учурда 1-апрелде кыскартылган 98 муниципиалдык кызматкерлер жана 3 жергиликтүү кеңештин кызматкерлери кыскартылган күнүнөн тартып, өздөрүнүн кызмат ордуларына келтирилсин. Мунун аткарылуусун талап кылам. Лейлекте мыйзамсыз кыскаруу болду. Муну моюнга алыңыздар", - деди ал.

Ошондой эле депутат айым аткаруу бийлигинен бул иште кимдер тарабынан катачылык кеткенин аныктап, кат жүзүндө жооп берүүнү талап кылды.

Маалымат үчүн: Президенттин 2023-жылы 29-декабрда чыккан №370 жарлыгынын (Айыл аймактардын жана шаарлардын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө) Баткен облусунун айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык реформаны пилоттук режимде жүргүзүү долбоорундагы 2-пунктунда "Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунда, Баткен жана Сүлүктү шаарларында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо аяктаганга чейин токтотулуп турсун" деп жазылган.

Жогорку Кеңеш 20.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан