Орусиянын президенти Владимир Путин Ханойдогу президенттик сарайга келди, ал жерде Вьетнамдын президенти То Лам менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.
Белгиленгендей, орус лидери Ханойго кечээ түнү келген. Президенттик сарайдын негизги кире беришинин алдындагы аянтта расмий тосуп алуу аземи болуп, андан кийин лидерлер биргелешип сүрөткө түштү.
Андан соң кол коюлган документтерди алмашуу аземи болуп, президенттер журналисттерге билдирүү жасашат.
Белгилей кетсек, Ханойдогу президенттик сарай Вьетнам мамлекетинин башчысынын расмий резиденциясы болуп саналат. Төрт кабаттуу имарат 20-кылымдын башында Италия стилинде курулган. Вьетнам көз карандысыздыкка ээ болгонго чейин бул сарай Индокытайдын генерал-губернаторунун резиденциясы болгон.