Кыргыз делегациясы ок атуучу куралдардын жана жеңил куралдардын бардык аспектилери боюнча мыйзамсыз сооданы болтурбоо жана жоюу боюнча БУУнун иш-аракеттер программасынын төртүнчү кароо конференциясынын жыйынына катышууда.
Мамлекет башчысынын администрациясы билдиргендей, иш-чара 18-июнда башталган. Делегацияны коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев жетектеп барган.
Иш-чара уюмдун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында өтүп жатат жана 28-июнга чейин созулат. Анда Абышев БУУнун Иш-аракеттер программасын ишке ашыруу боюнча Кыргызстан күч-аракеттерин активдештирип жаткандыгы жана бул маанилүү маселеге карата жетишилген олуттуу прогресс жөнүндө дүйнө коомчулугуна маалымат берди.
Ошону менен катар эле Иш-аракеттер программасын жактай тургандыгы жана аны андан ары толук жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгү жөнүндө баса белгиленди.
Мындан тышкары Кыргызстандан барган делегация “Ок атуучу куралдарды жана жеңил куралдарды контролдоо боюнча программаларды өнүктүрүү жана куралдуу зомбулукту азайтуу” параллелдик жогорку деңгээлдеги SALIENT иш-чарасына катышты.