Бүгүн, 24-декабрда Мамлекеттик тарых музейинде
ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин
көчмө жыйыны өтүүдө.
Анда Бишкек шаарындагы маданият мекемелеринин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматта акыркы жылдардагы коюлган спектаклдердин жана концерттердин өсүү динамикасы жүрүп жаткандыгы айтылды.
2010-жылы спектаклдердин саны 800дөн ашуун болсо, 2013-жылы бул көрсөткүч 1100 болгон.
Ал эми концерттердин саны 2010-жылы 100дөн ашса, 2013-жылы анын көрсөткүчү 250нү көрсөткөн. Ага ылайык көрүүчүлөрдүн санынын да көбөйгөнү белгиленген.