Ысык-Көлдөгү "Тамчы" аэропортуна Өзбекстандын депутаттары келип конду

Бүгүн, 20-июнда Ысык-Көлдөгү "Тамчы" аэропортуна Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрагасынын орун басары Содик Сафоев баштаган парламенттик делегация келип конду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, парламенттер аралык комиссиянын кезектеги отурумун Чолпон-Ата шаарында өткөрүү мерчемделген. Содик Сафоев баштаган өзбек эл өкүлдөрүн Тамчы аэропортунда депутат Ырысбек Атажанов тосуп алды.

"Парламенттер аралык комиссиянын жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара кызматташтыктын негизги багыттары талкууланат. Соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык алакаларды арттыруу жаатында сөз болот. Парламенттер ортосундагы байланыштарды чыңдоо, карым-катнашты бекемдөөгө орчундуу орун берилет. Комиссиянын иши эртең улантылат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан