"Шал оорусу, эпилепсиясы бар балдарды дарылайм". Балдар неврологу Кубанычбек Ибрагимов менен маек

Бобат терапевт, педиатр, балдар неврологу Кубанычбек Ибрагимов SUPER.KG порталына балдардын иммунитетин кантип сактоо керектигин, эмне себептен ар бир бала эмдөөдөн өтүшү керектигин жана жаңы пайда болгон бобат терапия түшүнүгү тууралуу кененирээк айтып берди.

- Өзүңүздүн эмгек тажрыйбаңыз тууралуу айтып өтсөңүз. Учурда кайсы жакта эмгектенесиз? Канча жылдан бери дарыгер болуп иштейсиз?

- Мен 2017-жылы ординатураны аяктагандан баштап, педиатр болуп иштедим. Учурда “Дени сак бала” клиникасында бобат терапевт, невролог болуп эмгектенем. Андан сырткары балдар неврологу болуп да иштегем. Кудайга шүгүр, эмгек тажрыйбамда көптөгөн балдарды дарылай алдым. Мага кайрылган ар бир балага өзгөчө мамиле жасайм. Анткени балдар биздин келечек.

- Бүгүнкү күндө көптөгөн балдардын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр бар. Сиз кандай дарты бар балдарды дарылайсыз?

- Мен бобат терапевт болгондуктан мага майыптыгы бар балдар кайрылышат. Башкача айтканда, шал оорусу, эпилепсиясы бар балдар келишет. Алар өзгөчө балдар болгондуктан мен аларга өзгөчө мамиле жасаганга аракет кылам. Учурдан пайдаланып, баш кошор алдында үй-бүлөнү пландаштырып, анан баш кошушса жакшы болмок дейт элем. Анткени кыз менен жигит баш кошор алдында дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтпөй эле баш кошуп алышат. Ошол себептен майыптыгы бар балдар төрөлүүдө. Ошондо гана мага кайрылган майыптыгы бар балдардын саны азаймак.


- Сизге кайрылган балдардын иммунитетин кантип жана кандай жолдор менен көтөрүүгө болот?

- Кайрылган балдар ар дайым ооруп турушат. Анткени мага өзгөчөлүгү бар балдар кайрылышат. Мен караган балдардын иммунитетин көтөрүүгө мүмкүн эмес. Анткени алардын оорусу тубаса. Табияттан ошондой болуп жаралышкан.

Учурда эмдөөдөн өтүү маселеси көптөгөн талаш-тартыштарды жаратууда. Бул маселе боюнча сиздин оюңуз кандай? Эмдөө алуу зарылбы же жокпу?

- Мен негизи бардык ата-энелерге балдарына эмдөө алдырсын деген кеңеш берет элем. Себеби ар бир бала өзүнүн иммунитетин сактаганга укуктуу. Ал эми балага ал укукту бир гана ата-эне бере алат. Ошол себептен ата-энелерге балдарыңарга сөзсүз түрдө эмдөө алдыргыла дейм. Ошол эле учурда майыптыгы бар балдар да сөзсүз түрдө эмделиши керек. Алар эмдөө менен гана өздөрүн иммунитетин кармап турушат.


- Жайында балдар ар кандай жугуштуу ооруларга дуушар болушат. Себеби эмнеде?

- Жай мезгилиндеги оорунун күчөшүнүн себибине түзмө-түз ата-энелер күнөөлүү. Анткени алар балдарын ээн-эркин коё беришет. Карашпайт. Алар ар кандай жашылча-жемиштерди жуубай, ысык бойдон жей беришет. Ошол себептен ар кандай жугуштуу ооруларга дуушар болушат. Инфекциялык ооруларды жуктуруп алышат. Мисалы, ичи ооруп, кусуп, дене табы көтөрүлүп, тамагы ооруйт.

- Негизи терапевт деген түшүнүктү билебиз. Бирок бобат терапия тууралуу кененирээк айтсаңыз?

- Бобат концепция – бул инсульт, шал оорусу менен ооруган, кыймыл-аракети жакшы эмес балдарды дарылоо болуп саналат. Мен бул боюнча европалык дарыгерлерден окуп, тажрыйба алып, көптөгөн методдорду үйрөнүп келдим. Учурда алган билимимдин жардамы тийип жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бобат терапия боюнча түшүнүктү биле беришпейт. Анткени көпчүлүгү советтик системадагы терапияда калып калышкандыктан кабыл да алгысы келбейт. Бул терминди жайылтуу, түшүндүрүү үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз.

Ата-энелерге кеңешиңиз...

- Ата-энелерге тазалыкты сактагыла деп кеңеш берет элем. Эң башкы кеңештеримдин бири – ар бир баланы эмдөөдөн өткөрүүсү зарыл. Эмдөө коомдук иммунитетти сактайт. Ар кандай жугуштуу оорулардан сактайт. Бизде ата-энелердин көпчүлүгү ар кандай видеолорду, жомокторду угуп эле балдарын эмдөөдөн өткөрүүдөн коркушат. Баланы бул жашоого алып келгенден кийин жоопкерчиликти толук мойнуна алып, жакшы караш керек. Бала ар бир ата-эне үчүн ар дайым биринчи орунда болуусу абзел.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан