Өкмөттү парламенттин токтомдорун аткарууга милдеттендирген мыйзам экинчи окууда жактырылды

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Депутат Дастанбек Жумабеков демилгелеген мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган актыларды Министрлер кабинети милдеттүү түрдө аткарууга тийиш.

Буга чейин аталган мыйзам парламенттин 30-майдагы жыйынында биринчи окууда каралып, колдоо тапкан болчу. Анда Дастан Жумабеков мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун "Депутаттар тарабынан берилген токтомдорду биз сунуштама иретинде гана кабыл алабыз" деген сөзү түрткү болгонун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан