Вероника Бернацкая жана Рамина Цой футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун тейлейт

Кыргызстандык калыстар футбол боюнча кыз-келиндер арасында өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна дайындык алышты. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган турнирди ФИФА калысы Вероника Бернацкая жана ФИФА калысынын жардамчысы Рамина Цой тейлейт.

"Дүйнөлүк биринчилик 31-август күнүнөн тарта 22-сентябрга чейин Колумбияда орун алат. Ага жалпысынан 24 курама катышат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Борбордук Азиянын калыстар корпусунан бул турнирге Кыргызстандын өкүлдөрү гана дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан