Бүгүн, 20-июнда Кыргыз футбол биримдигинде Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун реконструкциясы талкууланды. Бул тууралуу аталган биримдиктен билдиришти.
Маалымдалгандай, жыйынга КФБнын президенти Камчыбек Ташиев, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Абдымомунов, мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев жана жеңил атлетика боюнча федерациясынын өкүлдөрү катышты.
Ага ылайык, чогулушта реконструкция маселелери каралып, стадиондун эскиздик долбоору сунушталды.