Бир айда ЖКККББнын ишеним номерине 6 миңден ашык кайрылуу келип түштү

ЖКККББнын ишеним номерине ишке киргенден тартып жол эрежесине кайдыгер карабаган жарандар көчөдөгү жол эрежелерин бузуу фактылар боюнча 6 миң 414 кайрылуу жөнөтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алардын ичинен:

- 2871 кайрылуу унааларын башкаларга тоскоолдук жаратып, туура эмес жерлерге токтотуп койгон учурлары;

- 1384 кайрылуу каршы тилкелерге чыгуу жана ашып өтүү озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузган учурлары;

- 1261 кайрылуу жол чырактын кызыл түсүнө баш ийбөө жана жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербеген айдоочулар тууралуу ;

- 898 кайрылуу жол эрежелеринин башка түрлөрүн бузган айдоочулар тууралуу.

Ага ылайык, жарандардын жөнөткөн сүрөт видеолору боюнча жол эрежелерин бузган айдоочулардын көпчүлүгү Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында катталды.

"Бул ишеним номуру аркылуу ЖКККББгы коомчулук менен тыгыз байланышта болуп, жол тыгындарынын жана жол кырсыктарынын алдын алууда ыкчам жана натыйжалуу болууда. Ошондой эле жарандар ЖКККББнын ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирүүдө",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-майынан тартып жарандардын кайрылууларын түз кабыл алуу үчүн (0777) 102-102 Вотсап номурун ишке киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан