"Саатына 13 доллар". АКШда иштеп жүргөн ырчы Арген Мамырбаев менен маек

SUPER.KG порталы чет өлкөдө иштеген мекендештердин жашоо турмушу менен тааныштырууну улантат. Бул жолку чыгарылышыбыздын коногу ырчы Арген Мамырбаев болмокчу. Ал учурда АКШнын Пенсильвания штатындагы Питтсбург шаарында иштеп жүргөн кези.

Арген Мамырбаев 2000-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында төрөлгөн. "Кара көз", "Жүрөктөн мени кетирдиң" аттуу автордук ырлары бар.

- Алгач сөздү АКШ өлкөсүнө барганга чейинки күндөрүңүз жөнүндө баштасак... Ырчылыкка кандайча аралашып калдыңыз? Кыргызстанда жүргөндө дагы эмне менен алек болдуңуз?

- Менин балалык, окуучулук күндөрүм Таш-Көмүр шаарында өттү. Мектепти аяктагандан кийин Бишкекте иштеп жүрдүм. Жогорку окуу жайга тапшырып, окуган жокмун. Мунун дагы өзүнүн айтылбаган себептери бар. Бирок иштеп жүргөндө бир аз убакыт вокалдан билим алганга жетишкем. А чынында борбордо жүргөндө бир топ эле жумуштарда иштедим десем болот. "Дордойдо" араба түрткөн күндөр болду... официант, ашпозчу болуп дагы иштеп жүрдүм. Акырында бир компанияда менеджер болуп эмгектенип жүрүп, бул жакка келдим. Ал эми ырчылык боюнча айтсам, алгач 2022-жылы кавер аткаруу менен баштагам. Кийин автордук ырларымды чыгарганга жетиштим. Негизи бала кезимде ырдап калганым менен, конкурустарга деле катышчу эмесмин. Бишкекте иштеп жүргөндө гана кавер аткарып көрүп, анан аралашып кеттим десем болот.

- Ыр жаратууда кимдер менен чогуу иштешип калдыңыз?

- "Кара көз" деген ырды чыгарууда белгилүү ырчы Өктөм Сапар уулу агабыз менен иштешип калдым. Ырдын сөзү, обону агабызга таандык. Ал эми "Жүрөктөн мени кетирдиң" ырымдын обону, аранжировкасы Арслан Садыбакасов байкебизге таандык. Мындан тышкары кыргыз ырчыларынын ырларын кавер кылып аткарып калдым. Чынында, чыгармачылык деле чоң топ менен иштешкен жокмун. Белгилүү продюсер Канат Кадыржан агабыздан кеңеш сурам турдум. Анан коомчулукка таанылып калган ырчы кыз Айтурган Абдразакованын жардамы бар.

- Учурда АКШ мамлекетинде эмне жумуш кылып жатасыз? Ырчылык менен ал жактан дагы алектенүү планыңыз барбы?

- Бул жакка келгениме 5 айдын эле жүзү болду. Келгени ашканада иштеп жатам десем болот, пиццерияда ашпозчумун. Түшүнүктүү болушу үчүн айта кетейин, бул жакка Грин-карта утуп алып келгем. Башында келгенде жумуш табууда кыйынчылыктар болду. Азыр бардыгы жакшы, өз нугуна түшүп калды. Болгону англис тилинен кыйналып жатам. Негизи чыгармачылык менен бул жактан деле алектенсе болот экен. Алдыда жакшылап бул өлкөгө көнүшүп алгандан кийин баштап көрүүнү пландап жатам.

- Көпчүлүк иштейм деген жаштарга айлыгы кызык эмеспи, сыр болбосо канча табасыз?

- Мен иштеп жаткан жумушта эмгек акы саатына төлөнөт. Тагыраагы, саатына 13 доллар алам. Бир күндө 8 же 10 саат иштейм. Бирок АКШ мамлекети иштеп жатканыбыз үчүн салык алат. Болжол менен 2-3 жумада 1,5-2 миң доллар тапсаң, анын 300-400 долларын салыкка төлөйсүң. Мындан тышкары бул өлкөдө жашоо кымбатка туруп калат. Мисалы, Кыргызстанга салыштырмалуу тамак-ашы, жашаган жериң үчүн төлөм акы, баскан турганың кымбат. Бирок эмгек акынын дагы жогору экенин четке какпайм. Кыскасы, кенен жетет жана чогултууга мүмкүнчүлүк бар. Негизи, билишиме караганда, бул жатка IT тармагында иштегендер жакшы табышат. Ал үчүн англис тилин жашы билишиң шарт. Анан трак айдагандар дагы жакшы табышат.

- АКШнын кайсы өзгөчөлүктөрүн айта аласыз?

- Бул жакта тартип күчтүү. Мен жашаган шаар криминалдуу райондору жок, тынч десем болот. Мага жакканы – америкалыктардын адамдын тандоосун баалаганы болду. Жөнөкөй мисал, каалагандай кийинип жүрө аласың. Пиджак менен спорттук бут кийим болобу, бул сенин эркиң. Мен башында келгенде дүкөнгө дагы кийим алмаштырып чыкчумун. Анан мигрант болосуңбу, ким болосуң, Америкада жүргөндөн кийин сени жаранындай эле кабыл алышат. Болгону мыйзамды бузбашың керек. Мени кубантканы, Питтсбург шаарынын жаратылышы Кыргызстандагыдай болгону.

- Алдыда кандай пландарыңыз бар?

- Пландар көп, аны ишке ашкандан кийин гана айтса болот го дейм. Азырынча ырчылыкты мындан ары алып кетүү үчүн вокалдык билим алууну так пландап жатам. Ал эми Кыргызстанга кайтууну азырынча ойлонуштура элекмин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан