Ырчы, алып баруучу Асел Кадырбекова жеке жашоосундагы айрым учурларды ачыктады. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Айтууга эми убакыт келди окшойт. Биз, Нурлан экөөбүз 4 жылдан бери (2021-жылы, январь айы) чогуу жашабайбыз. 2022-жылы элдешүүгө аракет кылып көрдүк, бирок 3 айдан кийин бузулган нерсе калыбына келбей турганын түшүндүк. Бул тема боюнча сүйлөшүүлөрдөн качам. Ошого интервью бербей, шоулорго катышпайм. Бул жабык тема... Биз, Нурлан экөөбүз достук мамилени сактап калдык. Кызы менен каалаган убагында көрүшө алат. Ажырашууга төрт жыл болуп калды, таарыныч деле калган жок.
Бул теманы ачпай эле коёюн дегем, бирок дайыма "Нурлай кайда?", "Неге өзүң жүрөсүң?" деген суроолордон качуу жеңил эмес", - деген ырчы айым.
Эске салсак, ырчылар Асел Кадырбекова менен Нурлан Насип 2018-жылы баш кошушкан.