Бүгүн, 21-июнда парламентте депутат Камила Талиева Бишкек мэрине майрам күндөрү үйлөрдүн чатырына мамлекеттик туу илүүнү сунуштады.
Эл өкүлү башка мамлекеттерди мисал келтирип, калаа башчы Айбек Жунушалиевге ушундай идеологиялык демилгени өзү баштап берсе жакшы болорун айтты.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак” фракцияларынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйыны өтүүдө.
Анда Бишкек шаарынын учурдагы социалдык-экономикалык абалы, аны өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иш-аракеттер, жетишкендиктер жана көйгөйлөр талкууланууда.