“Кыйраган чатырлар, кулаган дарактар”. Чеченстандагы шамал 83 миң тургунду жарыксыз калтырды (видео)

Кечээ, 20-июндун кечинде Чеченстанда катуу шамал катталып, үйлөрдүн чатырларын учуруп, бак-дарактарды кыйратып кеткен. Аны менен катар жарык берүү үзгүлтүккө учураган. Бул туурасында орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, Орусиянын Энергетика министрлиги жарык берүүдөгү мүчүлүштүк катуу шамалдын жана нөшөрлүү жаандын кесепетинен болгондугун билдирген.

“83 миңге жакын колдонуучу электр энергиясыз калган. Авариялык абалдан чыгууга 43 кызматтык топ тартылган жана атайын техникалар алдырылган. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров мамлекеттик кызматтардын жетекчилерине жапа чеккендерге ар тараптан колдоо көрсөтүү тапшырмасын берди”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, катуу шамал, нөшөрлүү жаан Москва шаарында да катталып, куюн каптаган. Акыркы маалыматтар боюнча 22 жаран жаракат алып, анын ичинен төртөө кичинекей балдар экени айтылган. Ошондой эле 2 жаран кулаган бактын астында калып каза тапкандыгы кабарланды.

Чеченстан
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан