Депутат Талиева Бишкек мэринен жыйындарды кыргыз тилинде өткөрүүнү талап кылды

Бишкекте мамлекеттик тилге анчейин көңүл бурулбай жатат. Мындай пикирди бүгүн, 21-июнда парламентте депутат Камила Талиева айтты.

Эл өкүлү Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге нааразы болду.

"Шаардык кеңештин төрагасы баш болуп жыйындарыңар мамлекеттик тилде өтпөйт. Ушул маселени этибарга алгыла! Сырттан келген тааныштарыбыз аэропорттон түшкөндө эле "кайсы мамлекетке келдик" деп таң калып жатат. Жарнамалардын баары ар кайсы тилде жазылган", - деди Талиева.

Жогорку Кеңеш 21.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан