Касымалиев Германиянын банктарына Кыргызстанда корреспонденттик эсеп ачууну сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарына болгон иш сапарынын алкагында, кыргыз-герман бизнес форумунун жүрүшүндө “АКА Банктын” башкаруучу директору Марк Венчик менен жолугушту.

Өкмөттүн басма өз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ишкердикти колдоо, инфраструктураны жакшыртуу, соода логистикасын өнүктүрүү сыяктуу тармактарда кызматташуунун артыкчылыктуу маселелерин, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатууга багытталган долбоорлорду талкуулашты. Мындан тышкары банк тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну белгилешти.

Касымалиев Кыргызстан Германия менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, форум эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикирлерди, идеяларды жана пландарды алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Ал ошондой эле Министрлер кабинети Кыргызстандын банк тутумуна болгон ишенимди жогорулатууга багытталган чечкиндүү чараларды көрүп жатканын кошумчалады.

Ал Германиянын банктарына Кыргызстанда корреспонденттик эсептерди ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Касымалиевдин айтымында, “бул биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара кызматташтыкты чыңдоодо олуттуу кадам болот”.

Өз кезегинде Марк Венчик эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө, өзгөчө энергиянын кайра жаралуучу булактары, логистика жана тоо-кен тармагында кызматташууга даяр экенин билдирди. Атап айтканда, саламаттыкты сактоо жана кен казуу жаатында кызматташуунун келечегин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан