Өзбекстанда паранжа кийип, көчөдө жүргөн жигит 15 күнгө камалды

Өзбекстанда Ташкент облусунун тургуну аялдын кийимин кийгени үчүн 15 күнгө камалды. Ал паранжа кийип көчөдө жүргөн жеринен кармалган. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, 22 жаштагы жаранды милиция базарда жүргөн жеринен кармаган жана ал сот отурумунда бала чактан баштап аял кишинин кийимине кызыкканын айткан.

Сотттун өкүмү менен паранжа кийип кармалган жигит 15 күнгө камалды жана ага 268 доллар айып пул салынган.

Кошумчалай кетсек, Өзбекстан өткөн жылдын ноябрь айынан баштап жүзүн чүмкөп, паранжа кийүүгө тыюу салган. Мыйзамга баш ийбегендер 406 доллар айыпка жыгыла тургандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан