Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунда кубаттуулугу 2 МВт болгон "Ысык-Ата-1" кичи ГЭСинин ачылышына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы бул кичи ГЭСтин ачылышы мамлекеттин энергетикалык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган мамлекеттик жана жеке сектордун биргелешкен аракетинин натыйжасы экенин белгиледи.
"Бул кичи ГЭСтин ишке кириши менен биз президенттин жарлыгын ишке ашырып жатабыз. Жакынкы жылдарда биздин өлкөдө ондогон гидроэлектростанциялар, күн жана шамал станциялары курулат”, - деди ал.