Бүгүн, 21-июнда Чолпон-Ата шаарында Жогорку Кеңеш менен Өзбекстандын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын IV отуруму өттү.
Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев менен Өзбекстандын парламентинин төрайымынын орун басары Садык Сафоев баштаган депутаттар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар чектеш аймактардын кызматташтыгын арттыруу, анын өнүгүүсүнө шарт-жагдайларды түзүп берүү боюнча пикир алмашты. Айтылгандарга таянсак, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустары Өзбекстандын Анжыян, Наманган, Фергана облустары менен соода-сатык, спорт, туризм багытында кызматташууну жылдан-жылга жакшыртуунун үстүндө иш алып барууда.
Андан тышкары "Достук" өткөрмө пункту аркылуу каттагандар өтө көп болуп жаткандыгына байланыштуу "Ынтымак" өткөрмө пунктун да ачуу сунушу айтылды. Муну менен катар билим берүү жаатындагы кызматташтык, маданий өз ара карым-катнаш, Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү, миграция маселелери туурасында да кеңири сөз болду.
Комиссиянын кийинки жыйыны Өзбекстанда өтө турган болду.