"Бул “чоң жаңылыштык” болот". Путин Түштүк Кореяны коркутту

"Эгерде Түштүк Корея Украинага курал жөнөтсө, бул “чоң жаңылыштык” болот". Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин 20-июнда Вьетнамдагы маалымат жыйынында айтты.

Ал мындай билдирүүнү Түштүк Корея шаршембиде Орусия менен Түндүк Кореянын өз ара коргонуу келишимине кол койгонуна жооп катары Украинаны куралдандыруу мүмкүнчүлүгүн кароо ниетин билдиргенден кийин жасады.

"Эгер Түштүк Корея Украинага курал берсе, биздин жооп ага жакпайт. Алар муну жасашпайт деп үмүттөнөм, антпесе бул чоң жаңылыштык болот”, - деди Путин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан