Сауд Арабиясында адам чыдагыс ысык шартта өткөн ажылык зыяратта каза болгондордун саны миңден ашты. Араб дипломаты AFP агенттигине билдиргендей, каза болгон египеттиктердин саны кеминде 600гө жетти.
Жыл сайын Исламдын беш түркүгүнүн бири болгон ажылыкка быйыл дүйнөнүн булуң-бурчунан 1,8 миллион зыяратчы келген. Көптөгөн жөрөлгөлөр Меккеде жана анын айланасындагы чөлдө ачык жерде өткөрүлөт.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө жарандары жабыркабаганын билдирген.
Быйыл ажылык 14-19-июнь күндөрү аткарылды.