"Give Us Elections". "Евро-2024" турниринде шайлоону талап кылган желек илинди

Бүгүн, 21-июнда өтүп жаткан Европа чемпиондугунун алкагындагы Украина-Словакия беттешинде шайлоону талап кылган желек илинди.

Дюссельдорф шаарындагы стадиондун трибунасында "Give Us Elections" (Бизге шайлоо бергилечи) деген жазуусу бар украин желеги илинди. Бул учур түз эфирге түшүп калды.

Болжол менен 25-мүнөттө желек алынып салынды. Учурда оюн уланууда.

Владимир Зеленскийдин президенттик ыйгарым укуктары 20-майдан кийин расмий түрдө аяктаган. Украинада аскердик абал учурунда өткөрүлбөй турган парламенттик жана президенттик шайлоолор болбогондуктан өкмөттүн легитимдүүлүгү маселеси дагы эле активдүү талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан