Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-27-июнда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү шаарында болот. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Төрага “Кытай — Евразия ЭКСПО: Жибек жолундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана Евразия үчүн жаңы жашоонун күчү” VIII эл аралык көргөзмөсүнө катышат.
"Эки тараптуу жолугушууларда саясий, экономикалык, коопсуздук жана маданий-гуманитардык тармактарындагы кызматташуулар тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.