Салык кызматынын төрагасынын орун басары коррупция фактысы менен кармалды (сүрөт) 

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, УКМК тарабынан Дүйнөлүк банктын “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорунун алкагында сатып алуулардагы коррупциялык фактылар боюнча Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Д.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

"Тергөөнүн жүрүшүндө “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары жана башка кызыкдар жактар тарабынан 4 миллион 878 миң 894 доллар суммасында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар жүргүзүлүп, анда компьютердик техниканын, тармактык жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым позицияларынын наркы жүздөгөн эсеге жогорулаган", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, 421 долларга туташтыргычтары бар кадимки электр узарткыч сатылып алынган. Баасы 20 сомдон ашпаган туташтыргыч 11 долларга сатылып алынган. Ошондой эле 207 долларга болжол менен 3500 сомдук кеңсе отургучу алынган.

Ал эми Финансы министрлигинин Ички аудит кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 1 миллион 267 миң 668 доллар өлчөмүндө ашыкча баалоо түрүндөгү зыян аныкталган.

Учурда УКМК тарабынан аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын жана кызыкдар тараптарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан