Блогер Аруужан Бекешева өзүнүн Инстаграм баракчасына жолдошу Арген Асанов кол көтөргөнү тууралуу жарыялады.
Анын айтымында, эң алгачкы одоно мамиле бир жыл мурун, 2023-жылдын июль айында башталган.
"Эң алгач 2023-жылдын июль айында колумду көгөрткөн. Өзүмдү күнөөлөп унчуккан жокмун. Бирок ошол эле жылдын август айында бетиме урду. Видео ошондо тартылган. Ошондо Казакстанга кетип калгам. Өзүмдү алаксытуу үчүн, Кыргыз калкын жакшы көргөндүктөн кыргызча ыр ырдадым", - деп жазды ал.
Ошондой эле ал Арген сентябрь айында Казакстанга барып, мындай экинчи ирет кайталанбасын айтып, кайра Кыргызстанга алып келгенин билдирди.
"Кыргызтанга келгенден кийин жол кырсыгына кабылдык, анда жанымдан жылбай карады. Анысына ыраазымын, ар дайым рахмат айтам. Кайын журтумду да аябай жакшы көрөм, сыйлайм. Бул учурда Арген өзгөрдү деп сүйүнүп жүрдүм. Бирок февраль айында кайра башталды, эшикти сындырды, жакында эле чайнекти сындырды, колумду көгөрттү.
Биздин бардык уруштар акчанын айынан болду. Анткени жарнамадан тапкан акча жетпейт эле. Мен көп учурда иштебейсиңби деп айтчумун. Аягында чыдабай, белим ооруганына да карабай Кытайга барып, байер болуп иштеп келдим.
Азыр батир таап, өзүнчө чыгып кеттим", - деп кошумчалады ал.
Ал эми Арген да буга байланыштуу өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу жооп берди.
"Бул окуя былтыр август айында болгон. Мен Аруужандан кечирим сурап. Экинчи кайталанбайт деп сөз берип Казакстандан алып келгем. Андан бери бир да жолу кол көтөргөн жокмун. Ар бир үй-бүлөдө уруш болот. Анын баарын чыгарууга болбойт. Бирок биздики чыгып кетти. Бир Кудай күбө", - деп жооп берген Арген.
Белгилей кетсек, Арген Асанов менен Аруужан Бекешева коңшу казак элинин “Бир болайык” долбоорунан бири-бирин жактырып, баш кошушкан.