Украина Израилдин жарандары үчүн визасыз режимди жокко чыгарды

Украинанын Израилдеги элчиси Евгений Корнийчук

Украина өлкөгө барууну каалаган Израил жарандары үчүн чектөөлөрдү киргизип жатат. Бул Израилдин буга чейин согуш жүрүп жаткан Украинадан келген качкындардан баш тартканына жооп болду.

Бул тууралуу Украинанын Израилдеги элчиси Евгений Корнийчук Украинанын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн Facebook баракчасында билдирди.

"Израилдин соңку аракеттери, мисалы, украиналык качкындардын кирүүсүнө чектөө коюу жана көптөгөн украиналыктарга кирүүгө тыюу салуусу мамилелердин курчушуна алып келди. Жаңы талап иш жүзүндө визасыз режимди жокко чыгарат”, - деп жазган украин дипломаты.

Элчи жооп катары Украина Израилдин жарандарына, анын ичинде зыяратчыларга да алдын ала уруксат талаптарын киргизерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан