Буга чейин "паспорт мафиясынан" улам миллиарддаган сомдор чет жакка чыгып турган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди.
Мамлекет башчысы буга чейин паспорттор эле эмес, башка документтердин баары чет өлкөлөрдөн жасалып келип турганын белгилеген.
"Көрсө, чет өлкөлөрдөн жасатып келчү паспорт жана башка документтердин мафиясы биздин өзүбүздүн эле майда чиновниктерден баштап, эң жогорку жетекчилерге чейин жетет экен. Миллион эмес, миллиарддар чөнтөккө түшөт экен. Ошондуктан бардык документтерди өзүбүздөн чыгаруу демилгесин өз колума алдым дагы, ишти баштадык.
Жыйынтыгын өзүңүздөр көрдүңүздөр, эң сапаттуу паспортторду чыгара баштадык. Биринчиден, тышка чыгып кетип жаткан миллиарддарды сактап калдык, экинчиден, ар бир паспорт өзүбүздүн көзөмөлүбүздө болот. Мурда башка өлкөлөрдөн чыгып жаткандыгына байланыштуу, канча паспорт чыгып канча адамга берилип жаткандыгын биз көзөмөлдөй албайт элек", - деди Жапаров.
Ошондой эле ал акциздик маркалар боюнча дагы паспорттор сыяктуу эле чоң мафия болуп келгенин кошумчалады.
"Миллиарддаган акчалар саналуу чиновниктердин, салыкчылар менен ушул тармакта иштеген бизнесмендердин чөнтөктөрүнө кетчү экен. Мына эми акциз маркасын да жолго койгонго жетиштик. Өзүбүздөн чыгарып баштадык. Мурда акциздик маркалар дагы чет өлкөлөрдөн жасалып келчү. Коргоочу элементтери таптакыр эле талапка жооп берчү эмес.
Өзүбүздөн чыккан акциздин корголуучу элементтери күчтүү болгондуктан, эч ким жасалма кыла албайт. QR коду да болот. Тагыраагы, акцизден түшкөн киреше мындан ары кимдир бирөөлөрдүн эмес, толугу менен мамлекеттин чөнтөгүнө түшүп баштады. Айырмасы кандай экен дебейсиңерби? Эгер 2020-жылга чейин акциздик товарлардан болгону 5 миллиард сом тегерегинде түшчү экен.
Азыр болсо жылдын аягына чейин 25 миллиард сом акча түшөрү күтүлүүдө. Бул деген сөз 2020-жылга чейин кыргызстандыктар спирт ичимдигин аз ичишчү, 2020-жылдан кийин көп ичип калды дегенди билдирбейт. Бул деген коррупциянын, уурулуктун жеткен чеги десек болот. Демек, ушунча миллиард сом айырма илгертен бери саналуу эле кишилердин чөнтөгүнө түшүп келген", - деди президент.