Бүгүн, 22-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарынын тургуну Оятилло Абдурахимжановго туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана жарандык паспортун тапшырды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Оятилло Абдурахимжанов жыл башында Камчыбек Ташиевге кайрылып, Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да, жарандык паспорту да жок экенин билдирген жана ага жардам берүүсүн суранган.
19 жаштагы Оятилло Абдурахимжанов буга чейин чет өлкөлөрдүн биринде футболдук клубда ойноп келген. Кыргызстанда акыркы кезде футболго жакшы көңүл бурулуп жатканын эске алып, Кыргыз футбол клубдарынын биринде ойноону каалаарын айткан. Учурда Оятилло Кыргызстан жаштар улуттук курама командасынын мүчөсү.
Атайын кызматтын башчысы жаш оюнчуну Кыргызстандын жараны болушу менен куттуктап, мындан ары Кыргыз туусун көтөрүп, спортто ийгиликтерди жаратуусуна тилектештигин билдирди.