Жапаров "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол долбооруна ким канча акча саларын айтты

"Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол долбоору тышкы карызга кирбейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы ага кайсы өлкө канча каражат саларын айтып берген.

"Бул долбоор коммерциялык долбоор болот. Үч өлкө биригип биргелешкен компания түздүк. Компаниянын кеңсеси Бишкек шаарында болду. Башкы директору кыргыз тараптан болду. Ал эми эки орун басары эки жактан болду. Каражаттын баары Бишкек аркылуу өтөт. Демек, темир жол бүткөнчө канча каражат кеткени биздин жана үч өлкөнүн көзөмөлүндө болот. Кытай тарап 51 пайыз акча салат, кыргыз-өзбек тарап 24,5 пайыздан акча салабыз. Эл аралык нормалар боюнча салынган каражаттар акталгандан кийин эки тарап чыгып кетип, 100 пайыз бизге калат.

Бул жол биринчи кезекте башкаларга эмес, бизге керек. Туюк өлкөдөн түбөлүк чыгабыз. Европа жана башка өлкөлөр менен Кытайдын ортосунда транзиттик өлкөгө айланабыз. Экономикалык пайдасы да эбегейсиз зор болот", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан