Калмира Билимбек кызы Польшадагы эл аралык мелдеште күмүш байгеге ээ болду

Польшада өткөн эл аралык турнирде балбан Калмира Билимбек кызы күмүш байгеге ээ болду. Ал 19-24-июнь күндөрү Варшава шаарында өтүп жаткан Memorial Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open 2024 аттуу рейтингдик турнирге катышкан.

Билимбек кызы 59 килограммга чейинки салмак ченинде алгач польшалык Наталья Кубат аттуу кызды 4:3 эсебинде, андан кийин дагы бир польшалык балбан Александра Витосту 8:0 менен утуп алган.

Чечүүчү беттеште германиялык Елега Крюгерге 7:0 менен жеңилип, күмүш медалга татыды.

Буга чейин аталган мелдеште Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов жана Айсулуу Тыныбекова алтын, Раззак Бейшекеев күмүш, Үзүр Жусупбеков коло медаль тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан